Ошто эзме курутту техниканын жардамында даярдай башташты

Ош облусунун Кара-Суу районунда  эзме курутту техниканын жардамы менен даярдап жатышат. Бир жабдык саатына 1000 баштыкча эзме курут чыгарат. 50 грамм куруттан 0,5 литр суусундук жасалат.

“Эзме Курут” кичи ишканасынын жетекчиси Динара Матаеванын айтымында, учурда азыктын 25 жана 50 граммдык түрлөрүн чыгарышууда. Курутту кайра иштеп чыгууда сапаттуулугуна көңүл бурулат. Майдаланып эзилген соң техникалык жабдуулар менен тазаланып чыгат. Соңунда продукция таңгакталууга жиберилет. Азыктын кайсы күнү чыгарылганы да сыртына жазылат.

 “Азыкка кардарлар көп болгондуктан  техника пайдалана баштадык. Ноябрь айынан бери иштетип жатабыз. Саатына 1000 баштыкча чыгарат. Бир сутка иштете турган болсок 15 миң баштык чыгарып берет”,- деди  Матаева.

Продукция Кыргызстан, Орусия жана Казакстанга экспорттолуп жатат. Эгер өкмөттөн колдоо боло турган болсо алдыда түрлөрүн көбөйтүү пландалууда.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.