Тоолуу аймактарда энелер өлүмү азайбай жатат

Ош облусунда төрөт учурунда каза тапкан энелердин саны азайбай жатат. 2016-жылы облус боюнча 10 аял төрөттөн көз жумган. Адистердин маалыматында эң жогору көрсөткүч тоолуу аймактарда. Себеби алыскы жерлерде дарыгерлер жетишсиз. Ошондой эле аялдардын кош бойлуу мезгилинде көзөмөлдөн өткөрүү солгундап жатканы да таасирин тийгизүүдө.

Ош облусу боюнча саламаттыкты сактоо координатору Замирбек Шакировдун маалыматында энелер өлүмү облустун Алай ,Өзгөн ,Чоң-Алай райондорунда жогору. Себеби төрөт үйлөрүнө жолдун алыстыгына байланыштуу толгоо тартып баргандар узак жолдо кыйналып калышат. Мындай жагдайлар энелердин төрөт учурунда жарык дүйнө менен кош айтышына алып келүүдө.

Ошондой эле алыскы аймактардагы кош бойлуу аялдардын көбү ооруканаларга көзөмөлдөн өткөнү келишпейт. Мындай кайдыгерликтен улам туура тамактануу эрежелери бузулуп, аз кандуулука алып келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.