Ошто “Элечек ээсиз турбасын” долбоору өтүп жатат

Ош шаарында “Элечек ээсиз турбасын” долбоору жүрүүдө. Анда катышуучулар каттоодон өтүшүп, бир саат ичинде 16 айым элечек кийсе болот. Бул тууралуу “Шайыр кошуналар” уктуруусуна долбоордун уюштуруучусу Кишимжан Бекташева билдирди.

“Элечек кийүү акысыз жүргүзүлүп, жаш келиндерден тарта улгайган энелер да катышса болот. Улуттук баш кийимди кийүүдө катышуучунун жүзүн жасалгалоо да акысыз жүргүзүлөт. Бир саат ичинде 16 айым каттоодон өтүп, аларды сүрөткө тартып алышат. Ал сүрөттөр  газета, журналдарга жарыяланат”,- деп белгиледи Бекташова.

Долбоор Бабур театрында жүрүүдө. Катышуучулар эрте мененки саат 9:00дөн кечки саат 19:00гө чейин катышса болот. Иш чаранын максаты кыргыздын улуттук баш кийимин даңазалоого багытталган.

Элечекти даназалоо долбоору 2016-жылы башталган. Андан бери өлкөнүн бардык аймактарында өтүп келе жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.