
Ош шаарында экстремисттик-террористик мүнөздөгү видео материалдарды жайылтууга шектелген 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Шектүү Р.Ж. өзүнүн атындагы YouTube каналына экстремисттик-терористтик мазмундагы видеолорду жүктөп турган.
Алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн бир тууган агасы Р.М жана карындашы Р.М Сирия мамлекетинде жүргөндүгү белгилүү болгон. Бул окуя 332-берене менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

- 14.03.2022