
Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө башкармалыгынын адистери экологияны коргоо боюнча Ош облусунун аймагына текшерүүгө чыгышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жаңы- Арык айыл аймагында жайгашкан Машрап-Сай каналы акыр-чикирге толуп кеткендиги аныкталды.
Ушундай эле абал Кара-Суунун Ак-Таш айыл өкмөтүндөгү арык-каналдарда да байкалды. Жергиликтүү тургундар таштандыларды суунун боюнча ыргытып, акыр-чикирлер менен толтуруп коюшкан.
“Мынтип арык-каналдарга акыр-чикир таштоо мыйзамга каршы келет. Текшерүүнүн жыйынтыгында эрежени сактабаган аймактар аныкталып, жергиликтүү башкаруу органдарына эскертүү катын жиберебиз. Анын негизинде таштанды төгүлгөн жерлер 14 күндүн ичинде тазалынышы керек. Эскертүү аткарылбаса 5 000 сомдон 17 000 сомго чейин айып пул салуу каралган”,- деди эколог Токтогул Мамашев.
- 18.03.2022