Ошто “Достук килемчеси” акциясы башталды

Биз бириксек, баарын жеңебиз! Мындай ураан Ош мамлекеттик кыргыз-өзбек университетинде жаңырды. Улуттар аралык биримдикти чыңдоо максатында уюштурулган иш-чарага Оштогу 4 университеттин студенттери чогулушкан.

Алгач ар бир командага достук килемчесин даярдоо тапшырмасы берилди. Талап боюнча, ар бир килемчеде улуттар аралык ынытмакты даңазалаган көрүнүш чагылдырылышы керек.

“Достук килемчеси” деп аталган акцияны өткөрүү долбоорун Социалдык университеттин биринчи курсунун студенти Нурмира  Мурзакулова жазып чыккан. Бул сыяктуу долборлор 50 дөй студент тарабынан сунушталган. Арасынан улуттар аралык мамилени чыңдоо максатын көздөгөн иш-чаранын долбоору тандалып алынган. Аны “Эл аралык толлеранттуулук” фонду колдоп, 70 миң сом акча каражатын бөлгөн.

Иш-чаранын соңүнда студенттер тарабынан даярдалган “Достук килемчелери” бааланды. Анда командалардын идеясы, килемчеге түшүрүлгөн сүрөттөрдүн мааниси эске алынды. Ар бир топтун өзгөчөлөнгөн чыгармачылыгы бааланып, ар бирине кызыктыруучу белектер ыйгарылды.

Эскерте кетсек, бул акция Оштогу окуу жайлар арасында мындан ары да уланмакчы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.