Ошто дене тарбия жана спорт кызматкерлери сыйланды

Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 6-апрель- Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, вице-мэр Нурбек Кадыров, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев жетектеген кызматкерлер, машыктыруучулар, спортчулар катышты.

К.Саркарбаев спорт өлкөнүн желегин чет жерде желбиретүү эле эмес, дени сак жашоого үндөп, жаман адаттардан оолак кылган тармак деп билдирди.

-“Спортчулар шаарыбыздын намысын гана коргобостон, эл арасында, өзгөчө жаштар арасында спортту, спорт аркылуу элибиздин генофонун сактоо үчүн биринчи кезекте сергек жашоого жетишүүнүн, биримдиктин, туруктуулуктун данакери экендигин көрсөтө алдыңыздар. Спорттун тарыхында спортчулар өз мамлекетин дүйнө жүзүнө таанытып келишкен. Ошондуктан Ош шаарын дүйнөлүк аренага алып чыгуу үчүн спортту өнүктүрүүгө басым жасоо зарыл”,-деди Кылычбек Саркарбаев.

Фото Ош шаарынын мэриясы.

Иш-чаранын жүрүшүндө, 50гө жакын спорт тармагында эмгектенген кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин жана шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин Ардак грамоталары жана баалуу белектери тапшырылды.

Фото Ош шаарынын мэриясы.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын спортчулары 2016-жылы өлкөнүн 28 чемпиондугуна, 39 эл аралык турнирге, 36 өлкө биринчилигине, 23 республикалык деңгээлдеги турнирге, 21 КРнын ачык кубогуна катышкан. Мындан тышкары 6 Азия чемпиондугуна, 5 Орто Азия чемпиондугуна, 4 дүйнө чемпиондугуна, 1 КРнын спартакиадасына, 3 эл аралык семинарга барып, жыйынтыгында  96 алтын, 88 күмүш, 116 коло медал алып келишкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.