Ошто дайынсыз жоголгон 71 жаштагы жарандын сөөгү Гүлчө суусунан табылды

Ошто дайынсыз жоголгон 71 жаштагы жарандын сөөгү Гүлчө суусунан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын 12-январында Гүлчө айылынын 71 жаштагы Ү.Б. аттуу тургуну үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүп, аталган жарандын кийимдерин Гүлчө суусунун жээгинен табышкан.

Бүгүн жерине издөө-иштерин улантуу максатында 4 куткаруучу, ИИМдин 15 кызматкери жана туугандарынан үч адам тартылып, Ү.Бнын сөөгү саат 11:10до суудан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.