Ошто дагы бир окуучудан вирус аныкталып, окуучулар онлайн окууга өтүштү

Ош шаарындагы И. Раззаков атындагы мектеп окуучусунан коронавирус аныкталды.

Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, коронавирус аныкталган окуучу окуган класстын окуучулары онлайн окууга өтүштү.

Эске салсак, буга чейин дагы шаардагы “Олимп” жана “Жетиген” мектебиндеги окуучулардан вирус аныкталып, аталган мектептер 14 күнгө жабылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.