
Ошто чет элдик аял 11 кг апийим менен колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
4-апрелде аталган мекеменин кызматкерлери 33 жаштагы чет элдик аялдын унаасынан 11 кг апийим табышкан.
Кармалган жарандын үстүнөн баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштери бүткөнгө чейин шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот.
Сүрөт: Спутник
- 04.04.2017