Ошто кыз бешинчи кабаттан секирүүгө аракет кылган

Ош шаарында милиция кызматкерлери бешинчи кабаттан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калышты. Бул тууралуу маалыматты шаардык патрулдук милиция бөлүмүнөн кабарлашты.

Окуя бир күн мурун болгондугу такталды. Маалымат милицияга телефон аркылуу келип түшкөн.

«Окуя болгон жерге патрулдук милиция келген, кыз стресстик абалда, терезенин четинде отурган. Милиционерлер эшикти талкалап, аны терезеден сууруп куткарышкан. Кыздын мындай аракетинин себептери белгисиз, ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилген», – деп билдиришти ШИИБдин патрулдук кызматынан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.