Ошто беш сотых жер талашка түштү

Оштогу ишкер Жалил Атамбаев бирөөнүн жерин мыйзамсыз менчиктеп алууга шектелүүдө. Мындай маалыматты жерибизди тартып алды деген тургун айтууда.  Ишкердин жакындары бул маселе райондор аралык сотко каралып жатканын белгилешүүдө.

Шаардагы Касымбеков көчөсүнүн бир бөлүгүндөгү аймагында 17 сотых жер бар. Анын 12 сотых тилкеси ишкер Жалил Атамбаевге тиешелүү. Анын жанындагы 5 сотых жер болсо шаар тургуну Айбек Таалайбек уулу иштетип келген. Бирок аны да ишкер тартып алып, таштанды толтуруп койгондугун айтууда.

Мен жерди бошотуп берүү талабы менен Жалил Атамбаевдин өзүнө кезиге албай жатам. Анын жакындары болсо 5 сотых жер ага караштуу деп айтып жатышат. Бирок ал боюнча эч кандай документтерди көрсөтө алышкан жок. Менде болсо тилкенин тууганым Шамиевдин наамына каттаганы тууралуу документтер бар”,-деди шаар тургуну  Айбек Таалайбек уулу.

Мамлекеттик каттоо кызматы талаштагы жер Шамиевдин наамында турат деп билдирди. Бул кызмат юридикалык документтердин негизинде жерди каттап берген. Мекеме адистеринин маалыматында мыйзам боюнча 5 сотых аянт Жалил Атамбаевге карабайт.

“Бул жер сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде өтүп жатат. Тилке болсо Айбек Таалайбек уулунун тууганы Шамиевге чейин да сатып алуу келишимдер менен жүргүзүлүп келген. Акыркы ээси болуп Шамиев катталып турат”,-деди Ош шаардык каттоо кызматынын өкүлү Зарафшан Салиев.

Бул маселе тууралуу Жалил Атамбаев менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду. Анын жакындары болсо маалымат беришкен жок. Бирок Таалайбек уулунда Атамбаевдин кол алдында иштеген жер адиси Мамасали Козуев менен сүйлөшкөндө бул иш райондор аралык сотко тапшырылганын билдирген. Бул сүйлөшүү телефонуна жазылып калганын Айбек Таалайбек уулу кошумчалады.

Азырынча райондор аралык сот ишти карай элек. Ал эми Айбек Таалайбек уулу жакынкы күндөрү жер бошотулбаса президентке чейин кайрылаарын айтууда.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.