Ошто башталгыч класстын окуучуларынын олимпиадасы өтүүдө

Ош шаарындагы башталгыч класстын окуучуларынын олимпиадасы өтүп жатат. Ага калаадагы бардык мектептин окуучулары катышууда. Анда төрт предметтен күч сынашып жатышат.

Сынакта бир предмет боюнча окуучуга бир саат убакыт берилет. 70 суроо берилип, ага белгиленген убакыттын ичинде жооп бериши керек.

“Конкурстун биринчи этабы ар бир мектепте өткөн. Андан мыкты деп тандалып алынгандар учурда өтүп жаткан сынакка катышууда. Окуучулар кыргыз жана орус тилдеринен, ошондой эле адабий окуу менен математикадан күч сынашууда”,-деп белгиледи шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Искендер Камчиев.

Иш-чаранын негизги максаты башталгыч класста билим алган окуучулардын билим деңгээлин аныктоо, мугалимдер менен педагогикалык-илимий кызматкерлердин арасындагы атандаштыкты күчөтүү жана мыкты окуучуларды тандоо.

Сынактан жеңип чыккан алдыңкы окуучулар грамота жана баалуу белектер менен сыйланат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.