Ошто банкоматты тоногондор табыла элек

Рыспай Абдыкадыров атындагы улуттук филармониянын жанында орнотулган банкоматты тоноп кетишти. Уурдалган акча 1,5 млн сом деп айтылууда. Бул тууралуу Ош ШИИБнын башчысы Замир Сыдыков билдирди.

Окуя, 2-март күнү болгон. Белгисиз жарандар “Кыргызстан” коммерциялык банкынын Навои көчөсүндөгү банкоматынан акча уурдашкан.

Белгилей кетсек,фФевраль айында аталган банктын Аравандагы банкоматтарынын биринен да 900 миң сом уурдалган болчу. Кылмышкерлер банкоматтын артынан келген үчүн видеокамерага түшпөй калган.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.