Ошто банкоматтан акча урдаган эки жаран кармалды

Ошто банкоматты тоноого шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 10-февралында Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүндө жайгашкан “Кыргызстан”  банкынын банкоматын белгисиз атуулдар талкалап, ичиндеги 1млн сомго жакын акча каражатты уурдап кетишкен.

Бул гана эмес 3-март күнү Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан ушул эле банктын банкоматы тонолуп, ичинен 1 млн. 500 миң сом акча каражаты уурдалган.

Бул факт боюнча Ош шаарынын 30 жаштагы тургуну жана Чүй облусунун 33 жаштагы тургуну кармалды. Тинтүү учурунда алардын автоунаасынан жалпы суммасы 990 000 сом акча каражаты далил катары алынган. Шектүүлөрдүн жашаган жеринен темир буюмдарды кесүүчү аспаптар, эки даана ноутбук, ок атуучу курал, кылмыш жасаган учурда кийген кийимдери жана буюмдар алынган.

Учурда алар Араван райондук сотунун чечими менен камакка алынышты.

Ошто банкоматты тоногондор табыла элек

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.