Ошто балык браконьерлерине рейд жүрүп жатат

Балыкка тор салып, мыйзамсыз кармагандар май-июнь айларында өзгөчө чоң зыянга учуратат. Анткени дал ушул маалда жандыктар урук таштайт. Бул тууралуу Ош, Баткен мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Абдимажит Алымкулов  билдирди.

Балыктарды уруктануу маалында коргоо үчүн аталган коом атайын рейддерди уюштуруп жатат. Кемпир-Абад суу сактагычынан үч адамды жүздөн ашык балыгы менен колго түшүрүштү.

Андан сырткары ал жерде коюлган жүз метрлик тордон ондон ашыгы алынып өрттөлдү.

“Бир эле балык миллиондой урук таштарын эске алганда браконьерлердин тийгизип жаткан зыяны орду толгус”, – деди Алымкулов.

2013-жылдын май айында балык кармаганга мамлекет тарабынан тыюу салынган токтом чыккан. Мыйзамды бузган браконьерлерге акт түзүлүп, айып пул салынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.