
Ош шаарында жаңы төрөлгөн наристелерге кайрадан туулгандыгы тууралуу күбөлүк бериле баштады. Бул тууралуу Ош шаардык жарандык актыларды каттоо (ЗАГС) бөлүмүнүн башчысы Назира Кожошова билдирди.
Анын айтымында, 19-апрель күнү Ош шаардык жарандык актыларды каттоо бөлүмүнө 200 даана күбөлүк мукабасы келип түшкөн. Учурда буга чейин ала албай жүргөн наристелердин күбөлүктөрү бериле баштады.
“Азыркы учурда мукабалар келе баштады. Бирок, күбөлүк жок мезгилде кезекке тургандардын саны көбөйүп кеткендиктен биринчи кезекте ошолорго берип жатабыз”, – деди ал.
Бугу чейин жаңы төрөлгөн наристелерге күбөлүк ала албай жүргөн ата- энелер “Ынтымакка” кайрылган. Ал эми тиешелүү кызмат көйгөйду тастыктап, күбөлүктүн мукабасы калбай калганын билдиришкен.
- 23.04.2019