
Ош шаарынын Раимбеков көчөсүндө жайгашкан балдар бакчасында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм ыкчам түрдө тартылган. Өрт саат 09:00дө чектөөгө алынып, саат 09:28де толук өчүрүлгөн.
Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.
- 17.01.2022