Ошто аялдар жана жаштар арасындагы радикализмдин алдын алуу максатында тегерек үстөл өтөт

Аялдар жана жаштар арасында радикализмдин алдын алуу маселеси Ош шаарында талкууланат. Иш-чара “Аялдар жана кыздар тынчтыктын жана туруктуулуктун жолчулары” деп аталган долбоордун алкагында уюштурулуп жатат.

Тегерек үстөлгө жергиликтүү бийликтердин, жарандык коом өкүлдөрү, диний чөйрөдөгү кыз-келиндер, облустук казыяттын башчылары катышат. Ошондой эле Дин иштери боюнча эксперттер да келишет.

Иш-чараны “Мутакалим” коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы уюштуруп, максаты кыз-келиндер жана жаштар арасында диний радикализмдин алдын алууболуп саналат.

Тегерек үстөлдө аялдардын жана жаштардын радикалдашуусунун себептерин аныктоо, анын алдын алуу, тиешелүү чараларды көрүү боюнча жарандык коомго жана бийлик ээлерине сунуштамалар берилет.

Кыргызстанда аялдардын жана жаштардын диний радикалдашуусу жөнүндө Сириядагы согуш башталгандан кийин көбүрөөк айтыла баштаган. Коопсуздук кызматтарынын маалыматы боюнча Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктар 500дөн ашуун. Алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгон.

 

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.