Ошто арзан баада азык-түлүк сатыла турган социалдык дүкөндөр ачылат

Ош шаарында 8 социалдык дүкөн ачуу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, дүкөндөр эки багытта иш алып барышат. Биринде эт сатылса, экинчисинде сүт, күн карама майы жана кумшекердин сатылышы каралууда.

“Социалдык дүкөндө эт базар баасынан 10-15% арзан сатылат. Ал үчүн фермерлер менен түз келишим түзүлө турган болууда. Ушундай эле келишимдер башка айыл чарба өндүрүшчүлөрү менен да түзүлөт”,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 17-мартта калаа башчысы Алмаз Мамбетов борбордук базардагы азык-түлүктөрдүн бааларын текшерүүгө барды. Кыдырууда шаар мэри азык-түлүктөрдүн кору жетиштүү экенин белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.