Ошто Ак- Буура дарыясынын үстүнө курулган подиумдун ачылышы болду

29-мартта Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахнанын ачылыш аземи болуп өттү. Ага КРнын Премьер-министри Сапар Исаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардын тургундары жана меймандары катышты.

Премьер-министр жайкы сахнанын кызыл тасмасын кесип, шаардыктарды жаңы курулуш объектинин ачылышы менен куттуктаса, мэр Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын инфраструктурасы жылдан жылга жакшырып баратканын, мындан ары шаарда курулуш революциясы уланаарын билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө профессионал дизайнерлердин этно-стилдеги улуттук кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлүп, шаардыктар үчүн КРнын опера, эстрада, фольклордук жанрдагы белгилүү жылдыздарынын, белгилүү бийчилердин жана 200 комузчунун коштоосунда концерттик программа тартууланды.

Дарыянын үстүнө курулган подиум-көпүрө маданий эс алуучу иш-чараларды өткөргөн жай болот. Анда улуттук маданий көргөзмөлөр, концерттер жана майрамдык салтанаттар белгиленмекчи.

Курулуштун тендердик баасы 16,4 миллион сомду түзүп, узундугу 60, ал эми туурасы 40 метрди түзөт.

Акыркы 3 жылдын ичинде Ош шаарында 3 чоң көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Алишер Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна бөлүнгөн каражат максаттуу жана үнөмдүү пайдаланылып, үнөмдөлгөн акча каржаттын эсебинен Насирдин Исанов көчөсү менен Ленин көчөсүн бириктирген көпүрөнүн, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрөнүн жана жаңыдан пайдаланууга берилген жайкы сахнанын курулушу ишке ашты.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.