
Ошто «Ыйман ааламы» кайрымдуулук фонду айдоочуларга ооз ачарлыкка азыктар салынган баштыктарды таратышты. Кайрымдуулук акциясына 100гө жакын айдоочулар туш келип, ифтарлыкты көчөдөн кылууга мүмкүнчүлүк жаралды.
Кайрымдуулук иш чарасына патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери да тартылып, айдоочуларды токтотуп берүүгө кол кабыш кылышкан. Мындай күтүлбөгөн акцияга кабылган айдоочулар болсо, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти. Баштыкка суу, курма жана шириндиктер салынган.
Сүрөттөрдүн автору: Алишер Исамов
- 19.06.2017