Ошто 83 жаштагы аксакал кемпирин бычактап өлтүрдү деп шектелип кармалды

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы шаардын 83 жаштагы жашоочусун 79 жаштагы кемпирин бычактап ѳлтүргөн деген шек менен кармады. Мекеменин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдиргендей, ШИИБдин нѳѳмѳт бѳлүмүнѳ 14-июль күнү саат 18:40 чамасында Жапалак айылынын Аттокуров кѳчѳсүндѳ белгисиз аял канга боелуп жатканы маалымдалган. Окуя болгон жерге барган оперативдүү тергѳѳ тобу ал аялдын ѳздүгүн аныктап, 1938-жылы туулган жаран экенин аныкташкан. Денени кароо учурунда мойнуна сайылган бычактан улам каза болгону аныкталды.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип жабырлануучунун күйөөсү — 83 жаштагы жаран кармалды. Ал алгачкы кѳрсѳтмѳсүндѳ: «Ошол күнү бир аз кызуу элем. Кемпирим экѳѳбүз тамактанып отуруп, айтыша кеттик. Мен аны “мал-жанды убагында карап, чѳп-суусун берип койбойсуңбу”,-деп уруштум. Ал мага каяша айтканда ачуумду токтото албай, столдун үстүндѳгү бычак менен кулак түпкѳ сайып жибергем. Ал кыйкырган бойдон эшикке качып чыкты эле»,-деп айткан.

Тергѳѳнүн алгачкы жыйынтыктары кѳрсѳткѳндѳй, маркум М.А. канжалаган бойдон кѳчѳгѳ жардам сурап жүгүрүп чыккан. Кѳп кан жоготконуна байланыштуу үйүнүн алдына кулап, ошол жерден көз жумган.

Экспертизанын алгачкы корутундусу шектүү Т.М. ошол учурда спирт ичимдигин ичкени аныкталган. Учурда адам ѳлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергѳѳ иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү Ош шаарындагы тергѳѳ абагына камакка алынды.

Жабырлануучу менен шектүүнүн ортосунда 2 уул, 4 кызы жана неберелери бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.