Ошто 6 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн жаран өмүр бою камалды

Ошто алты жаштагы кызга өзгөчө мыкаачылык менен ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы, анын ден-соолугуна физикалык жана психологиялык залал келтиргендиги үчүн Н.у.А. аттуу жаран өмүр бою эркинен ажыратылды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. Анда маалымдалгандай, соттолгон жаранды буга чейин Кара-Суу райондук соту “зордуктоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркиндигинен ажыраткан.

Бирок райондук прокуратура бул өкүмгө макул эместигин билдирип, анын жазасы жасалган кылмыштын оордугуна дал келбегендиги үчүн апелляциялык сунуштама келтирген.

Натыйжада, Ош облустук сотунун өкүмү менен апелляциялык сунуштама канааттандырылып, Н.у.А. карата өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.