Ошто 5 кабаттуу үйдүн чатырынан 2 окуучу кыз кулап, бирөө каза тапты

Ошто 5 кабаттуу үйдүн чатырынан 2 окуучу кыз кулап, бирөө каза тапты. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-март күнү, Ош шаарынын К.Маркс атындагы орто мектебинин 7-классынын эки окуучусу А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу №9-үйдүн чатырынан бойлорун таштап жиберишкен.

Кыздардын бири окуя болгон жерде каза таап, экинчиси оор абалда Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Учурда окуяны териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.