Ошто 3 миңден ашуун адам массалык чуркоого катышты

Бүгүн, 22-апрелде Ош шаарынын борбордук аянтында жазгы жалпы жеңил атлетика боюнча чуркоо болду. Спорттук иш-чаранын ачылышына Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Улан Авазбеков жана мелдешин катышуучулары катышты.

Массалык чуркоодо Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күч сынашты.

Чуркоо эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, катышуучулар 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашты.

Жеңүүчүлөгө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектери тапшырылды.

“Бул иш-чаранын максаты, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет”, – деди У.Авазбеков.

Спорттук мелдешке 7 жаштан 70 жашка чейин, жалпысынан 3000ден ашуун адам катышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.