
Бир күн мурун, 18-июлда, Ош шаарында 18 жашка чейинки жаштар арасында сууда сүзүү боюнча шаардын чемпионаты болуп өттү. 10 жолку сууда сүзүү сынагына 12 жаштан 18 жашка чейинки 100дөн ашык адам катышты.
Турнирдин жеңүүчүлөрү Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Чемпионаттын катышуучулары мелдештин уюштуруучуларына ыраазычылыктарын билдиришип, мындай мелдештерди тез-тез өткөрүп турууну өтүнүштү.
- 19.07.2021