Ошто 11 минден ашык бала социалдык коргоого муктаж

Ошто 11 миңден ашуун бала социалдык жактан коргоого муктаж. Алардын басымдуу бөлүгү мектеп курагындагылар. Өспүрүмдөр мамлекет тарабынан белгилүү өлчөмдөгү жөлөк пул алышканы менен ал каражат толук муктаждыкты чечип бере албайт.

Балдардын турмушун оорлоткон негизги себеп – миграция агымы. Чет өлкөгө кеткен ата-энелер балдарын жакындарына таштап кеткендиктен айрым өспүрүмдөр эмгектин оор түрлөрүнө кабылышат. Ошол эле учурда балдарга карата зордук-зомбулук да кучөгөн.

Ош шаарындагы социалдык коргоо мекемеси 500гө жакын баланы каттоого алган. Алар жакыр жашаган жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдүн балдары. Бул үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан ай сайын 400 сомго чейин жөлөк пул жана гуманитардык жардамдар көрсөтүлөт.

Калаадагы мектептерде билим алып жаткан социалдык жактан колдоого муктаж балдарга окуу куралдарын жеткирүү аракеттери каралган. Аны менен бирге жыл бою маданий иш-чараларга акысыз катышып, жай мезгилинде эс алууларга барышат.

Эске салсак, 20-ноябрь балдардын эл аралык күнү деп 1959-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган. Бул күнү дүйнө жүзү боюнча балдар өздөрүнүн укуктары тууралуу маалымат алып, зордук-зомбулукка жана адилетсиздикке каршы иш-чаралар уюштурулат.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, дүйнөдө учурда 385 миллион бала жакырчылыкта жашайт. Ал эми 264 миллион өспүрүм мектепте окубайт. Беш жашка чейинки 5,6 млн.бала былтыр оорудан улам каза тапкан.

Сурот: Азаттык.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.