
Ош шаарында 1-апрелден тартып гүлдөрдүн көчөттөрү отургузула баштайт. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова билдирди.
Анын айтымында, быйыл калаага 2 млн жакын гүл эгилет.
“Азыр бизде иш кызуу жүрүп жатат. Ушул тапта катуу болуп,иштелбей калган жерлерди жумшартып, гүл эгүүгө даярдап жатабыз”,-деди ал.
Быйыл калаага гүлдөрдүн жаңы түрү сыноо иретинде эгилет. Буга чейин алардын уруктары себилип, азыр көчөттөрү эгүүгө даяр болуп калган.Негизинен калааны көрктөндүрүү жараяны 1 айга созулат.
- 25.03.2019