
Айгүл Момбекова Ош шаарынын прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу калаанын көзөмөл органынан билдиришти.
Айгүл Момбекова мурда Майлуу-Суу прокуратурасын жетектеген, 2014-жылдын мартынан бери Кара-Суу районунун баш прокурору болуп турган.
Оштун мурдагы прокурору Атай Шакир уулунун ыйгарым укуктары ушул жылдын февраль айында бүткөн. Жаңысын дайындоого 4 ай убакыт кетти.
Булак: 24.kg
Сүрөт: golos.kg
- 26.05.2017