Ошко матрезервден ун, кумшекер жеткирилди

Бүгүн, 18-мартта Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Ош шаарына 50 тонна кумшекер жана 40 000 литр өсүмдүк майы жеткирилди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

“Өлкөнүн түндүк, түштүк региондоруна фонддун Борбордук кампасынан өсүмдүк майын жана кумшекерди таратуу иштери жүрүп жатат. Бул продуктылар республиканын бардык аймактарына кезек-кезеги менен жөнөтүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, республиканын аймактарына жөнөтүлгөн кумшекер жана өсүмдүк майын жер-жерлердеги жергиликтүү администрация жетекчилери соода түйүндөрүн аныктап, тийиштүү иш-чараларды жүргүзөт.

Ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Борбордук кампасында азыктардын кору жетиштүү көлөмдө экени айтылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.