
“Ошэлектр” ишканасынын мурдагы жетекчиси Д.Д.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө 2016-2020-жылдар аралыгында ишкананын жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарып, 134 млн 404 миң 877,09 сомдук зыян келтирилгендиги тастыкталды.
Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Корруция”) менен кылмыш иши козголду.
Учурда кылмыш ишине тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүүдө.
- 02.03.2022