Ош: жумушсуздарды кыска убакытта үйрөнүүчү кесиптерге окутуп жатышат

Ош шаарында жумуш сурап кайрылган жарандар окуу курстарынан өтүп жатышат. Учурда 50дөн ашуун адам кыска убакытта өздөштүрүүчү кесиптер боюнча билим алышууда.

Жарандарды жумуш менен камсыз кылуу боюнча өнөктүк январь айында башталган. Анда 76 жаран окуудан өткөн. Курсттарды заман талабына ылайык, электр, тигүүчү жана бухгалтерия кесиби боюнча тандап алышкан.

Кесипке үйрөтүү курсттары Ош шаардык жумуш менен камсыз кылуу башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жатат. Башкармалыктын адиси Кумарбек Рамашовдун айтымында, жыл башынан бери 2 742 жаран кайрылса, алардын 740тан ашууну жумушсуз катары каттоого алынган.

Жумуш сурап кайрылгандардын ичинен 177 киши жумушка орношкон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.