Ош: Жумуш ордунда жок айыл өкмөт башчыга чара көрүлөт

Кечээ, 19-январь күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн текшерди.

Текшерүү учурунда Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл өкмөттүн жооптуу катчысы жумуш ордунда жок экени аныкталды.

“Мага Сары-Колот айыл өкмөтүнүн тургундары айыл өкмөт башчысы иш убагында жумуш ордунда болбойт деп кайрылышкан. Мен бул маселени чын же жалган экенин текшерүү үчүн өзүм жеринде келип көрдүм. Чынында мен келгенде айыл өкмөт башчысы жана өкмөттүн жооптуу катчысы жумуш ордунда жок болуп чыкты. Бирок, айыл өкмөт кызматкерлери өкмөт башчы менен жооптуу катчыны жумуш менен районго кеткенин айтышты. Биз териштиребиз, эгерде чынында иш убагында жумушка келбей жатканы аныкталса, анда чара көрөбүз”, – деди Зиядин Жамалдинов.

Ошондой эле Ош облусунун башчысы мындай текшерүүлөр Ош облусундагы башка айыл өкмөттөрүндө да жүрөт деп кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.