Ош: жаш тескөөчүлөр сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ош шаарында окуучулар арасында өткөн “Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, республикалык сынакка катышууга жолдомо алышты. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Бүгүн, 3-майда № 52 мектепте биринчи турдан жеңип чыккан шаардагы 10 мектептин командалары бекитилген жобонун негизинде күч сынашты. Анда окуучулар формасы, тизилүү катары, дубал гезит, капитандар мелдеши, мыкты ыр сыяктуу тапшырмалар боюнча таймашышты. Жыйынтыгында № 27, № 32, № 17 жана № 50 мектебинин командалары алдынкы орундарды ээлешип, № 27 мектептин окуучулар командасы республикалык турга жолдомо алышты.

Сынак Билим берүү жана илим министрлиги менен Ички иштер министрлигинин иш мерчеминин негизинде уюштурулду. Иш чара окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо жана ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу, милиция кызматкерлери менен өспүрүмдөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо максатында өткөрүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.