Ош: жапалактыктарды нааразы кылган каттам калыбына келет

Жапалактыктардын экинчи аракетинен соң аймакка кайрадан автобус каттай турганы маалым болду.

Бүгүн, 10 апрелде Жапалак айылынын тургундары Ош  мэриясына экинчи ирет нааразычылык билидирип чыгышты. Алар айылга барчу жалгыз автобус каттамынын токтотулушуна макул эмес. Ордуна №112 маршрут жүргөнү менен көйгөй чечилбейт. Анткени ал борбордук базарга барбайт. Жүргүнчүлөрдүн 80%ынын жолу ошол тарапта болуп, маршрут которууга туура келет.

Бул маселе менен айыл жашоочулары 3-мартта да шаардык мэрияга кайрылышкан. Тиешелүү жетекчилер менен жолугуп, алардын убадаларын алган соң тарашкан. Бирок бүгүнгө чейин алардын мүдөөлөрү аткарылбай, кайрадан келүүгө аргасыз болушту.

Бүгүн нааразычылык билдирген тургундар менен Ош шаарынын вице–мэри Асылбек Топчубаев жолугушту.

“Ушул айдын аягынан 12-автобуз кайрадан Жапалакка каттай баштайт”, –  деди Асылбек Топчубаев.

Эске салсак, 1-апрелден Жапалакка барчу автобус каттамы 12 чакырымга кыскарып, айылга жетпей Кулатов кичи шаарчасынан кайтып калган.

Жапалак айыл аймактык башкармалыгында 17 миңден ашуун эл жашайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.