Жапалактыктар айылга автобус каттабай калганына нааразы

Ош шаарынын Жапалак айылынын тургундары алар тарапка автобус каттамынын токтотулушуна нааразы. Анткени айылдын элин тейлеп келген №12 автобустун жүрүү схемасы өзгөрдү. Коомдук унаа буга чейин Жапалакка чейин барса, азыр Кулатов кичи районунан кайтат. Мындан улам тургундар ары-бери каттоодон кыйналып жатышканын айтып, автобус мурдагыдай эле айылга чейин каттасын деген талаптары менен чыгышты.

№12 автобустун каттамы 1-апрелден өзгөрдү. Коомдук унаанын линиясынын өзгөрүшүнө автобустар Жапалакка барганга чейинки чыгымды актабай жатканы себеп. Ага байланыштуу адистер аталган аймактын жүргүнчүлөрүн №112 кичи автобус  тейлей турган кылып өзгөртүшкөн.

Бирок аймактагы тургундар коомдук унаалардын каттамынын өзгөргөнүнө үч күн боло электе эле наарзычылыктарын билдирип чыгышты. Алардын пикиринде маршрутканын линиясы автобустун каттамына туура келбей жатат. Алар кошумчалашкандай, маршрутка окуучуларды да албай койгон учурлары көп болот.

Жапалак айыл аймактык башкармалыгында 17 миңден ашуун эл жашайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.