Ош: учарлыктар сел тосмодогу суунун ашып кетүүсүнөн чочулап жатышат

Учар айылынын тургундары сел тосмодогу суу ашып кетет деп чочулат жатышат. Анткени тосмонун ичи 50 жылдан бери тазаланбаганын айтышууда. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери болсо чочулоого негиз жок экенин белгилеп жатышат.

Айыл тургундарынын маалыматында сел тосмонун терендиги 30 метр. Бирок азыркы кезде 20 метрге чейин тазаланбай, жабылып калганын айтып жатышат. Тазалатуу үчүн ӨКМге кат жолдошкон. Бирок бир жылдан бери жооп болгон эмес. Андан бери сел тосмонун айланасына турак-жайлар дагы курулуп баштады.

“Биз тынымсыз келип сел тосмодогу сууну карап турабыз. Анткени суу ашып кетсе үйлөрдү каптап кетеби деп кооптонобуз. ӨКМге кат да жолдогонбуз. Жооп келбеген соң, адамдар турак жайларды сала башташты. Бул аларга да кооптуулук жаратат”,-деди Учар айылынын тургуну Кылычбек Акмолдоев.

ӨКМдин Ош шаардык башмармалыгынын калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Эрнис Жусуповдун айтымында, тосмо боюнча эч кандай кооптонууга негиз жок жана тазалоо зарыл эмес. Акыркы жолу адистер өткөн айда абал менен жеринен таанышып чыгышкан. Ошондо дамбанын эң терең жери 20 метрди көрсөткөн.

Сел тосмонун жанына турак жайлардын салына башташы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлдү.

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн адиси Мирланбек Казыбай уулунун айтымында, курулуштардын ээлери архитектуралык иш кагаздарын, керектүү документтерди алган эмес. Шаардык бийлик да токтом чыгарбаганы аныкталды. Мындан ары тийиштүү чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, катуу жаандын кесепетинен 1948-жылы сел тосмодон суу ашып, ага жакын жайгашкан айылдарды жууп кеткен. Ошол убакыттары тосмо Ош облусуна карап келсе, 2014-жылы Ош шаарынын карамагына өткөрүлгөн.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.