Ош: тургундар суроолорун айыл өкмөткө WhatsApp аркылуу билдире башташты

Ош облусундагы Ноокат районунун тургундары айыл өкмөт адистери менен WhatsApp аркылуу байланыша алышат. Жергиликтүүлөр айылдагы көйгөйлөрдү, сунуш-пикирлерди интернет аркылуу билдирип турса болот. Бул үчүн атайын топ түзүлүп, алар калктын суроолоруна тез аранын ичинде жооп беришет.

Демилге USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун негизинде ишке ашууда. Жарандар менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы байланышты жандантууга максатталган.

WhatsApp аркылуу байланышты ишке киргизүү үчүн айыл өкмөт адистери жана ыктыярдуу жарандар окуудан өтөт. Калк менен болгон интернет байланышын түзүүдө Ош облусунан Ноокат району тандалып алынды. Анткени район шаардан алыс эмес жайгашып, интернет үзгүлтүксүз болуп турат. Бул жергиликтүүлөрдүн суроо-сунуштарын тынымсыз кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Эске салсак, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору эки жыл мурун башталып, 38 айыл өкмөттө иштеп келе жатат. 2021-жылга чейин дагы 12 айыл өкмөт демилгени колго алат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.