Ош: Токтогул паркы ушундай оңдолгонуна канааттанасызбы? Видео

Ош шаарындагы Токтогул паркында толук оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Учурда анын 90 пайызы оңдолуп, бүтүп калды. Жай айларында пайдаланууга беришет. Жалпы аянты 9 гектарды түзгөн Токтогул паркынын айрым жерлери мурда оңдолуп келген болсо, дээрлик 100 жылдан бери толук реконструкциядан өткөн эмес экен.

Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында тратуар, ирригация тармагы жакшырып, жарык берүүчү чырактар орнотулду. Мындан сырткары, “Кыргыз көчүн” чагылдырган сүрөттөр дубалга тартылууда. Курулуш иштери менен катар жалышдандыруу да унутта калган эмес. Бул тууралуу Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын кызматкери Шергазы Асылбеков билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.