
Ош шаарында жаштарга дин боюнча туура багыт берүү үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ага дин өкүлдөрү, аймактык кеңеш төрагалары жана күч кызматкерлери катышып, тургундарга маалымат берип жатышат. Кезектеги жыйын Курманжан-Датка аймактык кеңешинде өтүп, катышуучуларды терс диний агымдардан оолак болууга чакырышты.
“Түшүндүрүү иштеринин максаты терс агымдардан алыс болууга үндөө болуп саналат. Өзгөчө жаштарга көбүрөөк маалымат берип туруу зарыл. Мындан ары да башка аймактык кеңештерде өткөрүлө берет”,-деди муфтияттын маалымат кызматынан.
Уюштуруучулар кошумчалашкандай, түшүндүрүү иш чараларына дин өкүлдөрү, күч кызматкерлери тартылууда.
- 17.06.2017