“Ош-Тазалык” тарифти көтөрүп, 17 жумушчуну ишке алды

“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы тарифти көтөрүү менен 17 жумушчуну ишке алды. Алар Жапалак айыл өкмөтүндөгү, Амир-Темур жана Турандагы көчөлөрдү шыпырышат. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган мекеменин адиси Жылдыз Көчкөнов билдирди.

Анын айтымында, тарифти көтөрүү менен айына чогулчу сумма 1 млн сомдон ашуун көп жыйнала баштаган. Март айында жалпы 8 млн сом чогулду.

Таштандыга болгон баа 2017-жылдан тартып 5 сомго көтөрүлгөн. Буга чейин жер үйдүн жашоочулары киши башына 25 сомдон төлөп келишсе, январдан тарта 30 сом, көп  кабаттуу үйдүн жашоочулары 20 сомдон төлөшсө, азыр 25 сом деп бекитилген.

“Ош-Тазалык” ишканасына караштуу 222 миң абонент бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.