Ош-Тазалык ишканасы көп кабаттуу үйлөргө рейд уюштурду

“Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлери шаардагы көп кабаттуу үйлөрдөгү абоненттердин санын тактоо боюнча рейд уюштурду. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган ишкананын кардарлар менен ишөө бөлүмүнүн башчысы Мирлан Дүйшөналы уулу билдирди.

Анын айтымында, алгач студенттер көп жашаган Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөр текшерилди.

“Жарандар таштандыга аз акча төлөө максатында үйдөгү жашоочулардын санын жашырып коюшат. Биздин максат ошондой фактыларды тактап, абоненттердин санын көбөйтүү болуп саналат. Рейддин жүрүшүндө жеринен текшерилип, көмүскөдө калып келген жарандар катоого алынды”-деди ал.

Рейд учурунда мурда катталбаган 50 абонент аныкталды. Бул абоненттер мындан ары чыгарган таштандысы үчүн ай сайын төлөм жүргүзүшөт.

Ал кошумчалагандай, Ош-Тазалык ишканасынын жетекчисинин көзөмөлү алдында рейд калаанын бардык аймактарында жүргүзүлөт.

 

Ош-Тазалык ишканасына элдин карызы 12 млн сомдон ашты

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.