
Ош шаарына таза суу бүгүн, 3-апрелде саат 11:00дө берилет. Азыркы учурда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Ынтымакка” шаардык суу чарба башкармалыгынан кабарлашты.
Айтымында, суунун токтошуна Ак-Буура дарыясынын ылайкаланышы себеп болду. 2-апрель түнү менен жаан жаап, дайрадагы суу ылайкаланган.
Таза суу шаар боюнча түнкү саат 22:00дөн кийин өчкөн. Тургундар эки саттан кийин, тактап айтканда саат 11:00дөн баштап таза сууну колдоно алышат.
- 03.04.2017