Ош: сынактан өткөн окуучулар белгилүү композиторлордон билим алышат

Ош шаарынын бардык мектептеринде окуган окуучуларга музыкалык сынак өткөрүлдү. Ага жалпы 100гө чукул окуучу катышып, өздөрүнүн өнөрлөрүн сынап көрүштү.

“Конкурска калаадагы бардык мектептердеги каалоочу окуучулар келип катышты. Алар буга чейин комуз чертүү, кыяк жана пианино ойно боюнча даярданып келишкен. Сынакта үч категория боюнча мыктыларды тандап алдык. Алар эми белгилүү композиторлордон билим алышат”,-дейт Ош МУнун доценти Эгемберди Талипов.

Сынактан өткөндөр 5 жылдык мөөнөттө билим алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.