Ош: суу кампасы иштен чыктыбы?

2-апрелден 5-апрелге чейин Ош шаарында таза суу берүү үзгүлтүккө учурап жатты. Мындан улам тургандар шаардагы суу кампа иштен чыкканбы деген күмөндөрдү айтып чыгышты. Бул күндөрү өзгөчө калаадагы Кулатов жана Ак-Тилек аймактарындагы тургундардын күмөн саноосу күчөдү. Анткени бул аймактагыларга капмадагы суу дайыма берилгендиктен ичүүчү суу жагынан көйгөй жаралган эмес.

“Шаардын башка көчөлөрүндө суу өчкөн кезде дагы бизде токтоочу эмес. Анткени бизге өткөн жылы курулган кампалардан таза суу берилип келген. Азыр ал иштебей калган окшойт. Анткени бизде дагы ичүүчү суу токтоп калып жатат”,-деди шаар тургуну Арын Осеков.

Ал эми Ош шаардык суу канал башкармалыгынын башчысынын орун басары Ормош Осмоновдун айтымында, суу кампа бузулган эмес. Ал тынымсыз эле иштеп жатат. Болгону үч күн катары менен Ак-Буура дарыясы ылайкалангандыктан резервуарда суу калбай калган. Ага суу толтурулгандан кийин кайрадан Кулатов жанан Ак-Тилек аймактарына суу бериле баштады.

Өткөн жылы Азия өнүктүрүү банкы жана Орусиялык фонддун каржылоосу менен Ошто 60 миң калкты суу менен камсыздаган кампа курулуп, пайдаланууга берилген. Талап боюнча резервуар жаан чачындарда да калкка үзгүлтүксүз суу жеткириш керектиги айтылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.