
Түркиянын Стамбул шаарына Оштон түз авиакаттамдар ишке киришет. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун сайтында маалымдалды.

Анда кабарлангандай, “Стамбул-Ош-Стамбул” авиамаршруту быйылкы 2021-жылдын 1-октябрынан баштап каттай баштайт. Каттамдар жумасына 3 жолу жүргүзүлөт: дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү.
Авиакаттамдар үчүн Pegasus авиакомпаниясы жоопкерчилигин алды. Учуу убактысы 5 саат 30 мүнөттү түзөт.
- 03.09.2021