Ош шаарынын прокуратурасынын жазык, жарандык сот өндүрүшү жана соттук чечмидердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн 2021-жылдын 12 айында аткарган жумуштарынын жыйынтыгы жөнүндө

Ош шаардык соту тарабынан 2021-жылдын 12 айында 477/553 жазык иши жана 181/190 жорук иши каралган болсо, 2020-жылдын 12 айында   423/499 жазык иши жана 205/206 жорук иши каралып, былтыркы жылга салыштырмалуу 54/54 кылмыш иши  көп каралган, ал эми 24/16  жорук ишке аз каралган.

Апелляциялык инстанцияда 153/173 (135/153)жазык иштер каралып, 23/23 (7/7) жорук иштери каралып, салыштырмалуу 18/20 жазык иш, 16/16 жорук иши ишке көп каралган.

Кассациялык инстанцияда 23/28 (30/35) жазык иштер каралып, салыштырмалуу 7/7 кылмыш ишке азайган. Ал эми 9/10 жорук иши каралып, 8/9 жорук ишке көп каралган.

1-инстанциядагы соттор тарабынан 2021-жылдын 12 айында каралган кылмыш иштер боюнча:

– 2021-жылдын 2021-жылдын 12 айында жалпы каралган иштердин ичинен 289 иш 356 адамга карата айыптоо өкүмдөрү кабыл алынып 60/64,3 пайызды түзгөн болсо, 2020-жылдын 12 айында жалпы каралган иштердин ичинен 223 иш 286 адамга карата айыптоо өкүмдөрү кабыл алынып 52,7/43,7 пайызды түзгөн.

– Ошондой эле, жогоруда көрсөтүлгөн мезгил ичинде 93 жорук иши боюнча 94 адамга карата айыптоо өкүмдөрү кабыл алынып, жалпы каралган 181/190 иштин 5,1/49,4 пайызын түзгөн болсо, 2020-жылдын 12 айында  120 жорук иши боюнча 120 адамга карата айыптоо өкүмдөрү кабыл алынып, жалпы каралган 205/206 иштин 58,5/47,5 пайызын түзгөн.

– Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 511-бер. негизинде жазык, жорук иштери каралбаган.

– 2021-жылдын 12 айында 1-инстанциялык соттор тарабынан 11 жазык иши 14 адамга карата актоо өкүмү кабыл алынып, 6 жазык иши 9 адамга карата корутунду түзүлүп, 5 жазык иши 5 адамга карата апелляциялык сунуштар келтирилген,   ал эми 2020-жылдын 12 айында 6 жазык иши боюнча 7 адамга карата актоо өкүмү кабыл алынган.

– Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 269-бер. боюнча 4 жазык иши боюнча 4 адамга кайтарылып, жорук иштери  кайтарылбаган. Салыштырмалуу мөөнөттө 1 жазык иши 1 адамга кайтарылган.

– 2021-жылдын 12 айында  Ош шаардык соту тарабынан  тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн 1 иш 1 адамга карата кайтарылып, салыштырмалуу мөөнөттө 1 жазык иши боюнча 1 адамга карата тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн кайтарылган.

 – Отчеттук мезгил ичинде  171/177 (35,8%) жазык иши, 82/89 (45,8%) жорук иши боюнча сот тарабынан кыскартуу жөнүндө токтом кабыл алынса, салыштырмалуу жылда 186/196 (52,%) жазык иши, 84/85 (40,9%) жорук иши кыскартылып, салыштырмалуу мөөнөттө жазык жана жорук ишин бирге алганда 25 ишке аз кыскарган. 

– 2021-жылдын 12 айында жазык иши боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары сот тарабынан 1/1 жазык иши боюнча белгиленген.                        2020-жылдын 12 айында   6/6 (0,9%) жазык иши боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары белгиленген. 

– 2020-жылдын 12 айында Ош шаардык соту тарабынан тараптардын айыпкердин камсыз болбогондугуна байланыштуу  23 жазык иши 23 адамга карата кайтарылган болсо, быйылкы жылы жорук иши менен бирге  44 жазык иши 44 адамга кайтарылып, былтыркы жылга салыштырмалуу 21 жазык жана  жорук ишке көп кайтарылган.

 – Отчеттук мезгил ичинде соттор тарабынан 16/18(3,6%) жазык иши убактылуу өндүрүштөн токтотулса, салыштырмалуу  мөөнөттө 7/7 (1,6%) жазык иши убактылуу токтотулуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 9/9 адамга карата  көп токтотулган. 

– Прокурорлордун катышуусу менен 38/48 (7,9%) жазык иши,  7/8 (3,8%) жорук иши жашы жетпегендерге карата каралган. Анын ичинен Ош шаарынын  прокурорунун катышуусунда 7/8  жазык  ишке,  орун  басарлары 38/48 ишке катышкан. Салыштырмалуу жылда 25/37 (5,9%) жазык иши жана 1/1 (07%) жорук иши жашы жетпегендерге карата каралып, былтыркы жылга салыштырмалуу жорук иши менен бирге алганда 19/18 кылмыш жана жорук  ишине  жашы жетпегендерге көп каралган.

         – 12/12 (24/24) жазык иши боюнча Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 262-бер. негизинде каралып, былтыркы жылга салыштырмалуу 12/12 ишке аз каралган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.