Ош шаарынын мэри жаш ойлоп табуучуларды сыйлады

Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов беш жаш ойлоп табуучуларды кабыл алып, куттуктады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Шаар башчысы роботехника чемпион болгон ойлоп табуучулардын жасаган эмгектери келечекте илимдин өнүгүшүнө зор салым кошо тургандыгын белгиледи. Ар бирине уюлдук телефон, китеп жана интелектуалдык атайын белектерди берди.

Мындан тышкары жаш ойлоп табуучулардын ар бирине робот-чаң соргуч белекке берүү боюнча тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, Оштун робот жасаган жаш жеткинчектери үстүбүздөгү жылдын февраль айында ойлоп табуучулардын жана робот жасоочулардын республикалык олимпиадасына катышып, 20 команданын ичинен “Супер чемпион” наамын жеңип келишкен. Алар “Робоскай-Ош” окуу борборунда билим алышат.

«Чоңойсом мугалим болом» Президенттин белеги 7 жаштагы секелекти ыйлатты

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.