Ош шаарынын көчөлөрүн суу каптоодо

Тынымсыз жааган жамгырдын айынан Ош шаарынын көчөлөрүнүн суу каптап жатат. Мындай жагдай өзгөчө борбордук көчөлөрдө кездешүүдө. Жол четиндеги арыктар тазаланганына карабастан жаандын көптүгүнөн суулар жолду каптап жатат.

Суулардын жолду каптап жатышы айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түйшүк жаратып жатат. Айдоочулар көчөлөргө толгон суулар унаалардын ичине чейин кирип, тетиктердин бузулушуна түрткү болуп жатканын белгилешүүдө.

“Мен шаарда такси кылып иштейм. Күнүнө бир канча көчөнү кыдырып, жүргүнчүлөрду жеткиребиз. Жолдордун суу болушу унааларбызын жүрүшүнө тоскоолдук кылууда. Тынымсыз тетиктерди алмаштырууга аргасыз болуп жатабыз”,-дейт айдоочу Муратбек Маликов.

Жаандын тынымсыз жааганынан шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тазалоо иштерин күчөткөн. Ар күнү жумушчу топ көчөлөрдүн четиндеги арыктарды тазалап чыгышат. Бирок жаан чачындын көптүгүнөн сел, суу ташкыны арык, каналдардан ашып кетип жатат.

Сел ташкыны Курманжан Датка, Ленин, Раимбердиев жана Разаков көчөлөрүндө катталууда. Бул жолку тынымсыз жаандан бактыга жараша турак-жайларды сел баскан жок. Деген менен 5-6-апрель күндөрү дагы туруксуз аба ырайы сакталып турат. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Өткөн жылы тынымсыз жаандын айынан шаардагы бир нече обьекттердин жер төлөөлөрүн сел каптаган.

сүрөт: Спутник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.